Москва облусунда "өз мекендешин өлтүрдү" деген шек менен Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Муну бүгүн, 23-февралда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 16-февраль күнү Ивантеевка шаар аймагынын Пушкин районундагы батирден адамдын жансыз денеси табылган. Каза тапкан адам Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 21 жаштагы тургуну М. уулу Мунарбек экендиги аныкталган. Бул факт боюнча ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлүп, окуянын чоо-жайы аныкталган: 16-февралда өлтүрүлгөн бала менен Жумабек аттуу жигит спирт ичимдиктерин ичишкен. Алардын ортосунда чатак чыгып, Жумабек таанышын бычактап салган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден каза тапкан.
"Аталган кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 20 жаштагы тургуну С.Жумабек кармалып, камакка алынды. Факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүүдө",- деп айтылат маалыматта.