Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын "Ак-Тилек унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракеттенген кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-февраль күнү 1981-жылы туулган А.Ж. аттуу кыргыз жараны башка жаранга таандык паспортту көрсөтүп, Казакстанга өтүүгө аракеттенген. Бул факт боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран аймактык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.