Жылнаама, 24-февраль: Мындан 6 жыл мурун белгилүү обончу Жолдошбек Мамажанов 58 жаш курагында каза болгон

* Мындан 39 жыл мурун, 1977-жылы ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы, милициянын полковниги Толкунбек Шоноев Ош шаарында туулган. 1994-жылы ИИМдин Бишкектеги жогорку мектебине тапшырып, жогорку окуу жайын 1998-жылы аяктаган. Ага Эрдик медалы, 3-даражадагы Азамат медалы, КР ИИМ Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын юбилейлик медалы, Макаров ок атуучу өздүк пистолети жана башка бир катар төш белгилер жана медалдар ыйгарылган.
2013-жылы 11-январда кечке жуук Толкунбек Шоноевди белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Ал жумуштан чыгып, кызматтык автоунаасы менен Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы үйүнүн жанына келгенде ага кылмышкерлер бир нече ок атышкан. 9 жолу ок атылып, анын бешөөсү денесине тийген полковник каза болгон.

* Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы мукам ырлары менен белгилүү болгон обончу Жолдошбек Мамажанов Кадамжайда ооруканада 58 жаш курагында көз жумган.
Ал “Сүрөтүңө”, “Жазым, келчи”, "Сагындым", "Өмүр өтөт, жаштык өтөт" аттуу элге белгилүү обондорду жазып калтырган.
Жолдошбек Мамажанов 1952-жылы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Дөбө айылында туулган.

* Мындан 61 жыл мурун, 1955-жылы америкалык инженер жана жеке ишкер, “Apple Inc” корпорациясынын негиздөөчүсү Стив Жобс Калифорния штатынын Маунтейн Вью шаарында туулган. Стив Жобс өзүнүн өмүрүндө гениалдуу инноватордук таланты менен дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркектин катарын толуктап, кийинки муунга мыкты үлгү катары тарыхта калган. Эл алдында күлүп-жайнап жүргөн инноватордун ден соолугу акыркы жылдары начарлап кеткен. 2004-жылы анын уйку безиндеги залалдуу шишик операциянын негизинде алынган. Жакындарынын айтымында, Стив өлүм жөнүндө көп ойлончу, себеби ал бул жашоодо өчпөс из калтырып кеткиси келген. 2009-жылы ал коомчулукка боорун алмаштырганын жар салган. 2011-жылдын 5-октябрында 56 жаш курагында Стив уйку безиндеги рактын айынан көз жумган.

* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында Голливуд жылдыздарынын көптөн күткөн "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өткөн. Кеченин башкы наамы болгон "Мыкты фильм" сыйлыгын АКШнын биринчи айымы Мишель Обама жарыялаган. Бул номинацияны 9 тасманын ичинен мыкты делинген режиссёр жана актёр Бен Аффлектин "Арго" операциясы" илип кеткен. Ал эми тайвандык режиссёр Энг Линин "Пинин жашоосу" аттуу тасмасы "Мыкты режиссёрдук иш" наамын алган. Бул тасмага атаандаш болгон Стивен Спилбергдин "Линкольн" тасмасында президенттин ролун жараткан Дэниел Дэй-Льюис "Мыкты актёр" наамына татыган. Ал эми "Мыкты актриса" сыйлыгына "Менин жигитим акылынан адашкан" тасмасындагы ролу үчүн 24 жаштагы актриса Женнифер Лоуренс ээ болгон.
АКШнын Киноакадемиясы тарабынан 85-жолу тапшырылып жаткан "Оскар" сыйлыгы булардан сырткары 24 наам боюнча сыйлык тапшырган.

24-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан