9-январда Ош облусунун Араван районундагы Кум-Бел аймагында өлкөбүздүн эки, Өзбекстандын эки жараны кыргыз жаранынын 332 баш малын уурдап, Өзбекстандын аймагына айдап өтүп кеткен. Малдын көбү Өзбекстандын Көк-Бел аймагынан табылган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 10-январда өзбек чек арачылары 146 баш малды кыргыз тарапка өткөрүп беришкен. 23-февралда дагы 100 баш кой кайтарылып берилгенин Чек ара кызматынан билдиришти.
Бул кылмышка шектүү катары эки кыргыз, бир өзбек жараны кармалган. Бир өзбек жаранына издөө жарыяланган. Алар мал ээси уктап жатканда үйүнө кирип аны катуу сабашкан. Андан кийин "өлүп калды" деген ойдо анын колу-бутун байлап салып, малын короодон айдап чыгып кетишкен.