Бишкектеги батирлердин биринен адамдын жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 22-февралда саат 11:10до ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары 5-кичи райондогу батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачып, батирдин ээсинин жансыз денесин табышкан. Куткаруучулар аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.