Ысык-Ата районунда тамеки тартуудагы этиятсыздыктан бир адам каза болду

Ысык-Ата районунда тамеки тартуудагы этиятсыздыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кант шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы чыккан. Анда турак үйдүн 20 чарчы метр камыш дубалы, 10 чарчы метр жыгач полу, төшөнчүлөр жана 10 чарчы метр таштанды күйүп кеткен. Өрт чыккан үйдөн 1959-жылы туулган Владимир Б. аттуу адамдын күйгөн денеси табылган. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
makemake1979
2016-02-24 12:06:40
Тамеки чегуу зыян
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан