Борбор калаада дары ичип өз өмүрүнө кол салганга аракеттенген өспүрүм кыз куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 23-февралда саат 21:30 чамасында Куткаруу кызматына "Логвиненко көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин эшигин 15 жаштагы кыз ачпай жатат" деген маалымат түшкөн. Аталган дарекке келген куткаруучулар шаты аркылуу терезеден киришкен. Батирдин ичине кирген куткаруучулар 2001-жылы туулган К.А. аттуу кыз көптөгөн дарыларды ичип алганын аныкташкан. "Тез жардам" кызматы аркылуу кыз ооруканага жеткирилген.