Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында жол кырсыгы катталды. 24-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиршкендей, окуя 23-февралда саат 23:00 чамасында Токтогул шаарындагы Абдышеркулов көчөсүндө болгон. Анда Жигули үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар унааны трос менен сүйрөп, жолго чыгарып берүүгө жардамдашкан. Айдоочу эч кандай жаракат алган эмес.