Өткөн суткада өлкөдө 11 өрт кырсыгы катталып, Өзгөн районунда курулуш чарбасы жана 6 тонна чөп толугу менен күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда жалпы аянты 77 чарчы метрди түзгөн 2 кабаттуу курулуш чарбасы жана 6 тонна чөп толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

SUPER.KG порталынын окурманы да кечээ Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагында өрт кырсыгы катталып, мал сарай өрттөнүп кеткенин кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан