Москвада эжеси менен сейилдеп жүрүп адашып кеткен 3 жашар кыргыз бала азыр ата-энесинин жанында. Муну бүгүн, 24-февралда SUPER.KG'ге элчиликтен тастыкташты.
Маалым болгондой, 3 жаштагы кыргыз баланы эжеси Москвадагы соода борборлорунун биринин жанына унутуп кетип калган. Соода борборунда иштеген кыргыз балдар аны менен сүйлөшкөндө ал эжеси менен сейилдеп жүрүп адашып кеткенин айткан. Окуя болгон жерге “Тез жардам” жана полиция кызматкерлери келип баланы балдар үйүнө алып кетишкен. Укук коргоочулар жана соода борборунун кызматкерлери биргеликте баланын ата-энесин издөөгө беришкен. Учурда бала ата-энеси табылып, аны алып кетишти.