16-январь күнү болжол менен түнкү саат 02:00дө Кемин районундагы Самансур айылындагы дүкөнгө үч ууру кирген. Алар уктап жаткан дүкөн ээсин коркутуп, сабап, 15 миң сомун тартып алышкан. Жабырлануучу оор жаракаттарды алып аймактык ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, уурулар кармалганын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан 24-февралда билдиришти. Кылмыш ишине шектүү катары кармалгандардын бири Аламүдүн районунун мурда соттолгон тургуну, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 41 жаштагы мүчөсү болгон. Аны менен бирге уурулук кылган эки адам Бишкек шаарынын тургуну экени аныкталды.