Бишкекте тоноочулук фактысына шектелип 3 адам кармалды

Бишкекте тоноочулук фактысына шектелип 3 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 37 жаштагы С.Т. аттуу жаран кайрылган. Анда ал саат 19:30 чамасында Бейшеналиева жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күч колдонуу менен анын уюлдук телефонун алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы М.З. 29 жаштагы Ж.К. жана С.Н. аттуу жарандар кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан