Жалал-Абадда жана Ош шаарында 2 адам жалпы салмагы 800 граммды түзгөн баңгизат менен кармалды

Жалал-Абадда жана Ош шаарында 2 адам жалпы салмагы 800 граммды түзгөн баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 22-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык ооруканасынын жанынан А.И. аттуу 51 жаштагы адам кармалган. Анын өздүк буюмдарын текшерүүдө целлофан баштыкчасынын ичинен 515 грамм гашиш табылган. Ошол эле күнү Ош шаарынан 59 жаштагы Ош облусунун М.Ш. аттуу тургуну кармалган. Анын жанынан 285 грамм марихуана табылган. Учурда кармалган эки жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulkar
2016-02-24 15:44:57
Мындайлар жон эле кочодо журуп кармалбайт да.Билгендер акырын айтып сатып коёт.
0
jonl86
2016-02-24 16:19:21
Туптон алып келгенго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан