Чоң-Алай районунан 11 килограммдан ашык баңгизат менен 27 жаштагы жаран кармалды

Чоң-Алай районунан 11 килограммдан ашуун баңгизат менен 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 23-февраль күнү болжол менен саат 14:40та Дароот-Коргон айыл аймагынан Мерседес-Бенц-1317 үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Унаасын бир канча метр ары токтотуп, сары түстөгү баштыкты күрмөсүнүн ичине катып жаткан жеринен унаанын айдоочусу 27 жаштагы И.Д. кармалган. Баштыктын ичинен скотч менен оролгон, салмагы 2 килограмм 225 грамм, өзгөчө жыты бар зат табылган. Автоунаанын ичин текшерүүдө салмагы 9 килограмм 225 грамм 7 даана төрт бурчтуу зат табылган. Табылган заттарды химиялык экспертизага жөнөтүп, натыйжада 11 килограмм 780 грамм гашиш экени аныкталган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “баңгизатты даярдоо, аны сактоо, сатыкка камдоо” беренеси менен кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alixan-Nookat.2015
2016-02-24 17:57:23
Коздогон жерине жеткиргенде байып жатып калмак экенда
0
Mars55
2016-02-24 18:03:45
2 жылда бир жолу кармап коймойда.Анын үстүндө чоңу бар тез эле кутулуп кетет .
0
aydarken
2016-02-24 20:04:07
Кытайда олум жазасына тарттыго байкуш аялды 7 кг учун ,а мында 11 кг ашуун экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан