2008-жылы мурунку президент Курманбек Бакиев үчүн алынган учак аукциондо сатылды

2008-жылы мурунку президент Курманбек Бакиев үчүн алынган учак аукциондо сатылды. Бул тууралуу "Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коому расмий сайтында билдирди.

"Beechcraft SuperKingAir-350 учагын сатуу максаты менен 2015-жылдын 7-декабрында өткөн аукциондун жыйынтыгында "Aerovista FZE" ЖЧКсы жеңүүчү деп аталган. Учактын өндүрүшкө чыккан убагы: 2008-жыл, 27-декабрь. Аукцион 2015-жылы 7-декабрда саат 10:00 – 17:00гө чейин өткөн. "Эйр Кыргызстан" ААК менен "Aerovista FZE" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда сатып алуу келишими түзүлүп, 2016-жылдын 28-январында кол коюлган",- деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, бул учак 3 миллион 130 миң долларга сатылып, ордуна башка учак алынат. 2008-жылы чыккан В300 моделиндеги Beechcraft SuperKingAir-350 учагы 2008-жылы аукциондо 6,3 миллион долларга ошол убактагы президент Курманбек Бакиев үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан сатылып алынып, 2010-жылдагы Апрель окуяларынан улам улутташтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
bazarkyl
2016-02-24 16:48:28
баарын жазыпсынар. кызыгы калып калыптыр, канча суммага сатылган?
+4
zikirovna
2016-02-24 17:01:26
bazarkyl,ошону айтсан канчага сатылды экен казынага салбастан ,сол,чонтоко Уруп коюшту бекен?
+1
admin_portal
2016-02-24 17:46:54
bazarkyl, саламатсызбы!
Кабар толукталды.
0
apam
2016-02-24 17:16:49
кандай болбосун Бакиев аябай жакшы иштеп аткан болчуда.азыр аша эмне кылып атат баар жок кундон кунго кымбаттап атат.
+5
sirgak_92
2016-02-24 18:23:35
apam,ооба Курманбек элтне курмандык алып келдиго азыр бейпил жашоо журуп атат го болгону свет кымбат
-5
chon-alai90
2016-02-24 19:18:22
sirgak_92,каяктагы жыргал жашоо кризис же сенин атан бай сага билинбей жатабы бакиев буйжетти толтурган аша не кылды суранганы суранган калыстыкты уйронолу туугандар
+6
sely
2016-03-02 19:05:16
sirgaжатат свет эле кымбат башка нерсе арзан эле экен да 5000 сомдон айлык алып иштеген бизге окшогондорго кыйын болуп жатат айлыктар болсо кундон кунго которулбой азайып жатат эхххххх
0
Mars55
2016-02-24 17:27:13
Ии депутат менен куудулдар эмне болду?
0
Alixan-Nookat.2015
2016-02-24 18:00:29
Салону сонунго акчасы канча экен.
+2
barsbegKG
2016-02-24 23:55:04
Окуп жатканда ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
admin_portal
2016-02-25 11:41:06
barsbegKG - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
0
perichte
2016-02-24 18:05:29
Муну омиин жеп коюшту деп койсо болот,андай учактан канчасын жеп коюп жатышат...биз карапайым калк светтин акчасын эсептеп олбо жаным олбо кыштан аман чыгалы деп атканда башкалар миллиондорду сугунуп коюп отуруп калат эчтекени билбегендей...
+4
dasa-kgz
2016-02-24 18:17:21
Маалым болгондой, бул учак 3 миллион 130 миң долларга сатылып, ордуна башка учак алынат.деп жазылып турат го
+2
KGstan81
2016-02-24 19:00:34
dasa-kgz,Бул учак сатылгандан сон анын акчасын аткаминерлерибиз жеп коюшат бул ачык эле.Андан коро ошол учакты сатпай туруп эле МЧСке же болбосо куралдуу кучторго откозуп бериш керек.
0
baha1985
2016-02-24 19:20:01
6 миллионго алган экен 3 миллионго сатыптыр 1 миллион сол чонтоко кеткенго жок эле дегенде
-1
elchi84
2016-02-24 19:44:29
Жомок го
+1
bolotbai3
2016-02-24 20:08:35
Эптеп бир жолун таап акчаны жеш керек да,тамагынарга тыгылгырлар.
+1
jigit.paren
2016-02-24 21:31:02
Эми кризис бизде эле эмес Россияда деле укмуш болуп жатат айлык аз баары кымбат болуп, жашоого түз карайлы жөн эле жаман көрө бербей. Ушул кыйын жашоону мурунку ажолорубуз түптөп кетишпедиби.
+1
ali1995
2016-02-24 22:09:55
ОЗУ биздикилер кызыкда кымбатыга алып арзаныга сатат!!!ордуна эч нерсе алынбайт бутту...
+1
dubai
2016-02-24 23:45:50
ali1995,туура суйлосон,кымбатка алып арзанга сатып деп!
0
aydarov...
2016-02-25 01:18:51
Сатып тынчытыпсынар акчасына жок болот Эми кыйратыпсынар
0
E.TARZAN
2016-02-25 10:53:55
Ошондо 3 миллион 130 мин долларды, 74 доллардын курсу менен эсептегенде 231миллион 620мин сом болот экен.
0
E.TARZAN
2016-02-25 10:58:48
Эл катары эле журсо болбойт бекен билет алып эле. Кризис заманда))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан