Якутияда Леонардо ди Каприо үчүн өзүнчө "Оскар" берүүгө аракеттер көрүлүп жатат

Якутияда Леонардо ди Каприо үчүн өзүнчө "Оскар" берүүгө аракеттер көрүлүп жатат. Ага берилүүчү Якутиянын "Оскар" сыйлыгы үчүн 1 килограмм 386 грамм күмүш жана 4 граммдай алтын чогултулду. Бул тууралуу "Интерфакска" "Лео үчүн Оскар" акциясынын уюштуруучусу Татьяна Егорова билдирген.

Анын айтымында, бул элдик сыйлык 26-февралда даяр болот. Сыйлыкты актёрдун колуна берүүгө көмөк көрсөтүшүн суранып анын фондуна расмий кат жөнөтүшкөн. Статуэткада азиат түспөлүндөгү, башы асманды карап, колуна кылыч эмес, якутиялыктардын кымыз ичкен улуттук чороон идишин кармап турган адам чагылдырылат. Статуэтка күмүштөн, чороон алтындан куюлат. Жалпысынан акцияга 144 адам катышкан.

Леонардо ди Каприо буга чейин бир нече жолу "Оскар" сыйлыгына талапкер болгону менен, бир да жолу ага ээ болгон эмес. Эскерте кетсек, аталган сыйлыкты тапшыруу аземи ушул жылдын 28-февралында Лос-Анжелесте өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bazarkyl
2016-02-24 17:38:14
Чыныгы оскарды берсе эчким каршы болбойт. Акциянын үмүтү ишке ашып, Якутянын Оскарын тапшырса кубанып калат чыгар.
+2
ekaterinburg
2016-02-24 18:17:22
Оскарга татыктуу эле рол ойногон менимче.Биз дагы бирдеме берип койсок болот эле ушул балага.
+6
KyrgyzKagan
2016-02-24 20:23:41
ekaterinburg, Туура айтасын Леонун Кыргызстандагы сейрек жаныбарларды коргоо учун анын фондунан 130мин доллар болуп бергенин окуп аябай ыраазы болдум. Лео Оскарды Титаникте ойногондо эле алыш керек болчу жана татыктуу деп ойлойм.
+2
sinome
2016-02-25 10:00:33
Ачуумду келтирбегилечи, андан коро муктаж болуп жаткандарга жардам берсе болмок адамдар ташбоор болуп баратпайбызбы ойлонгулачы.
-1
Baian
2016-02-25 12:36:10
4 грамм дейби алтын???Тобо анда аралаштвбай эле койбойбу же покрытия кылынганбы 4грамм менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан