Борбор калаада тоноочулукка шектелип 45 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы К.Н. аттуу кыз кайрылган. Ал саат 17:30 чамасында борбордогу Батыш унаа бекетинен белгисиз аял ага күч колдонуу менен баалуу уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 45 жаштагы Т.К. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.