"Бир мешок акча" тасмасында акча адамды толук өзгөртөрү, бирок адилеттүүлүккө дайым орун бар экени көрсөтүлгөн (фоторепортаж)

Бүгүн, 24-февралда Бишкекте "Бир мешок акча" деген аталыштагы тасманын бет ачары болду. Бүгүн алгачкы жолу кинотеатрда көрсөтүлгөн тасма эртеңден баштап көрүүчүлөрдүн назарына коюлат.

Комедия жанрындагы тасманын мазмунуна токтолсок, тасма карапайым турмушта жашаган, батирдин ижарасын бере албай кыйналган балдардын жашоосун чагылдырат. Алардын бири байдын уулу болгонуна карабай "өз күчүм менен курулуш ишканасын ачам" деген максатты көздөп, атасынын берген жардамдарын четке кагат. Экинчиси капчыктуу кызга ашык болуп жүрөт. Зор амбицияга, максатка ээ жигиттер ресторанда ашпозчу болуп эмгектенишет.

Бир күнү алар ресторандын таштандыларын төгүү үчүн чыгып, бир мешок акча таап алышат. Ошол күндөн баштап алардын жашоо образы, кулк-мүнөзү өзгөрө баштайт. Бир күнү алардын артынан кооптуу адамдар түшүп, акчаларын алып кетишет. Окуя күлкү, ый жана кызыктар менен коштолуп жүрүп отурат. Каармандар акчалуу турмушта аз убакыт жашап, анан кыйынчылык көрө башташат. Мунун баары турмуш сабактары экенин, атасынын баласына сабак болсун деп жасаган иши экенин алар кеч билишет.

Кошумчалай кетсек, тасмада режиссёрлук милдетти "Ак-Өргө City" тобунун жигиттери Рүстөм Аскенов менен Кубанычбек Курманбеков аркалашкан. Ушул эки жигит тасмада башкы ролду жаратып, күлкүгө толгон тасманын көркүн ачышкан.

"Бир мешок акча" тасмасы болгон окуянын негизинде тартылганбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KursKG
2016-02-25 00:02:59
Жакшы, аталышында "мешок" деген соз орусча болсо керек э, ошону кыргызча атаса кандай болот? Буйурса коробуз.
+3
aastra__
2016-02-25 00:06:50
KursKG,Кап , 5 кап акча))))
+3
barsbegKG
2016-02-25 00:31:11
Тамашоунун жигиттеринен ото кылдаттык талап кылынат себеби кыргызда бодонону сойсо да касапчы сойсун деген соз бар. Эмилдин пентхаусун коргонбуз. Кинонун сапаты жакшы бирок кинонун кемчилиги чеберчилик жок болчу. Бул кинону болсо коруп анан баа беребиз...
+2
Gulya21
2016-02-25 03:40:55
Охоо ошончо акчаны кайдан алып тартышыптыр же жасалмабы же банктан кредит алышканбы
+2
Dadasdasd
2016-02-25 07:27:25
Gulya21,анча акча чын болсо Джеки Чанды башкы ролго чыкырсан болот.
0
makemake1979
2016-02-25 06:52:15
Акча жасалма да: ))) эми королу кандай фильм экенин
0
kokokola
2016-02-25 08:52:17
кинону баштан. аяк эмне болушун жазып коюшуптурго. окуп алып кызыгы кетип калды уже. а так кызыгып жаткам баргым келип.
+1
taoni
2016-02-26 04:15:25
Ошо да подробно жазып салыпсынар... кызыгып жатса...
0
mirlanusenov
2016-03-02 05:18:10
Кинону көргүчө эле бул жактан жазып коюпсуңар го супер инфо))))))))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан