Баткен. Алдамчылык жолу менен Чүй облусунан айдалып кетип, Тажикстанда сатылып кете жаздаган унаа ээсине кайтарылды

Баткенде алдамчылык жолу менен Токмок шаарынан айдалып кетип, Тажикстанда сатылып кете жаздаган унаа ээсине кайтарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 24-февралда Баткен ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 8-декабрында Рахат А. аттуу айымдын Land Cruiser үлгүсүндөгү унаасын тааныштары «унаабыз бузулуп калды, унааңызды берип туруңуз» деген шылтоо менен алып, изин суутуп кетишкен. Бул факт боюнча Токмок ШИИБи «алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бир нече убакыттан кийин кымбат баалуу унаа Баткен облусунда экени аныкталган. Көп өтпөй унаа Тажикстан тарапка сатуу максатында өтүп кеткени белгилүү болгон. Бул тууралуу жабырлануучу Баткен облустук ички иштер башкармалыгына билдирип, жардам сурап кайрылган. Баткен ОИИБинин жетекчилиги Тажикстан Республикасынын Согди ОИИБинин жетекчисине кайрылып, эки тараптын биргелешкен аракеттери менен унаа кечээ, 23-февралда кыргыз жеринин аймагына чыгарылып, өз ээсине кайтарылып берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kirgizstan
2016-02-25 00:03:16
Жиндиби унаанызды берип турун десе эле берип койуп
-3
STAN_KG
2016-02-25 01:33:48
2015-жылдын 8-декабрында Рахат А. аттуу айымдын Land Cruzer үлгүсүндөгү унаасын тааныштары «унаабыз бузулуп калды, унааңызды берип туруңуз» деген деп жазып жатпайбы! Тааныган эле өзүнүн тааныштары жасап жаткан турбайбы!
+3
STAN_KG
2016-02-25 01:35:26
Баткен ОИИБинин жетекчилиги жана оперлерине рахмат! Жакшы иштегендиги үчүн табылды да!
+3
Gulya21
2016-02-25 03:38:58
Вау зор машинаго
+1
chupachups-89
2016-02-25 03:43:37
Land Cruiser, Cruzer emes
-3
makemake1979
2016-02-25 06:45:19
Жакшы,,, ээси келсе бээсин бер деген бизде иштейт ко: )))
0
Arlenchik
2016-02-25 19:59:54
Шумдук эле адамдар бар,озунун таанышын алдап экинчи корушпочудай,азыркы заманда мындай тааныштарга ишенип деле кереги жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан