Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак айыл өкмөтүнө дарылык касиети бар суудан алууга башка аймактардан эл көп келгенине байланыштуу жергиликтүү калкка суу алып ичүүдө кыйынчылык жаралууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Булак суусу көптөгөн ооруларга даба болуп, ичкен адамдар бөйрөк, ашказан, боор жана башка ооруларынан жакшы болуп жатышат. Күнү-түнү минтип чубалып кезекке турган адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Башка аймактардан эл көп келгенине байланыштуу жергиликтүү калк үчүн суу алып ичүүдө кыйынчылык болуп жатат. Эки-үч жылдан бери айылыбыз эле иччү. Бири-биринен угуп эки-үч жумадан бери эл өтө көп келип, суунун бир тамчысы жерге түшпөй жатат. Мен муну көйгөй эмес, Кудайдын биздин элге берген белеги же жаратылыштын белеги катары сезип айтып жатам",- дейт окурман.
Мындан тышкары ал суу аздан чыгарын жана бир фляга 20 мүнөттө толорун баса белгиледи.
"Суу алганга эч ким акча сурабай эле. Меймандар жана жергиликтүүлөр сүйлөшүп кезек менен алып жатышат. Бул суу кайнатылбай чийки ичилет. Бишкекке, Алайга жана башка аймактарга ооруган туугандарына да жөнөткөндөр бар",- деп билдирди окурман.
Айта кетсек, кечээ дагы бир окурманыбыз бул булак Өзгөн районунун Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кандава айылында экенин айткан.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.