"Кулчулукта 10 жыл жүргөн" делген 22 жаштагы Урматтын ата-энеси табылды. Бул тууралуу КРнын Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын атасы Жоомарт Ысык-Көл облусунун Темир айылында мектепте мугалим болуп иштейт. Ал бешинчи аялынан 4 жаштагы баласын тарбиялап келет. Ал эми Урмат биринчи турмушунан калган баласы. Урматтын апасы Айнура учурда Бишкек шаарындагы мектептердин биринде мугалимдик кесипти аркалайт. Ошондой эле Урматтын эгизи (кыз) бар экени айтылып келген, атасынын айтымында, ал төрөт маалында эле чарчап калган.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери укук коргоо органдары менен биргеликте Урматты өз атасы Жоомартка тапшырышты. Жакын арада Урматка паспорт алууга жана жумушка орношууга жардам көрсөтүлөрү айтылды.
Эскерте кетсек, быйылкы жылдын 15-16-февраль күндөрү Нарын облусунда укук коргоо органдарынын “Селсаяк” аттуу операциясынын жүрүшүндө 22 жаштагы Урмат кармалган. Ал 10 жыл Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Арчалуу жайлоосунда Сыркөз аттуу адамдын колунда кулчулукта жүргөнүн билдирген.