Лейлек районунда жүк ташуучу унаанын айдоочу отурган бөлүмү жана унаадагы 200 килограмм көмүр күйдү

Баткен облусунун Лейлек районунда МАН үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочу отурган бөлүмү жана унаадагы 200 килограмм көмүр күйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Өрт кырсыгы боюнча Бишкекте 2, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 2, Нарында 1, Жалал-Абад облусунда 2, Баткенде 1 факт катталган. Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын техникалык куроодо эреженин бузулушу жана балдардын от менен ойногону себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kg_boy__91
2016-02-25 09:41:16
200 кг 4 мешок эле го
+1
bolotbai3
2016-02-25 10:29:31
kg_boy__91,жыйырма тонна болуш керек беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан