Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектебинде кыргыз элинин байлыгы болгон "Манас" эпосу боюнча "Манас таануу" таймашы өттү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Кыргыз элинин тарыхынын уюткусу болгон эпостон окуучулар кеңири маалымат ала алышты. Таймашка мектеп окуучуларынан 2 топ катышып, жыйынтыгында "Ак бата" командасы мыкты деп табылып, "Манас" командасы аткаруучулук чеберчилиги үчүн сыйланды. Бул да болсо "кечээгини сабак кылып, эртеңкиге канат кылып", жаштардан келечекте мыкты инсандар чыгат деген ишеничтебиз",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.