4 тоннадай унду мыйзамсыз түрдө чек арадан өткөргөнү жаткан жарандар кармалышты

24-февралда кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл бекетинен Мерседес автоунааларын башкарып бараткан эки кыргыз жараны кармалды. Алар мыйзамсыз түрдө 4 тонна 350 килограмм унду чек арадан өткөрүүгө аракет кылышканын бүгүн, 25-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, текшерүүдө унаалардын биринен 47 мүшөк, экинчисинен 20 мүшөк ун табылды. Кармалган жарандардын жүктү ташып өтүүгө тиешелүү документтери жок экени айтылды. Товардын баасы болжол менен 70 000 сомду түзөт. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жүгү менен бирге Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын аймактык бөлүмүнө жеткирилишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан