Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы мал базардан 21-мартта саат 13:20 чамасында өрт чыгып, андагы 256 таңгак чөп күйүп кетти. Ысык-Көл облустук Өрткө каршы кызматынын ага инспектору Бекжан Жексенбиевдин билдирүүсү боюнча, өрттүн кесепетинен келтирилген чыгым 41 миң 300 сомду түздү. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 400 литр күйүүчү май, 1 унаа, бир нече курулуш материалдары сакталып калды. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.