Баткенде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

24-февраль күнү саат 17:30да өлкөнүн түштүк аймагында күчү 3 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн күчү очогунда 2,5 - 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Таш-Кыя айылынан 10 чакырым түштүк-батышка, Кадамжай айылынан 12 чакырым түндүк батышка, Кызыл-Кыя шаарынан 50 чакырым түштүк-батышка, Баткен шаарынан 65 чакырым түндүк-чыгышка карай жайгашкан. Жер силкинүүнүн күчү Таш-Кыя айылында 2,5 балл, Кызыл-Кыя шаарында 2 баллга сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан