Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин эжеси унаасынын терезесин караңгылатып алгандыгы үчүн 2020 сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу 25-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG'ге билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, кечээ, 24-февралда Ош жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери рейд жүргүзүү учурунда айнектери караңгылатылган Лексус үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аталган унааны Ош шаарынын мэринин эжеси Заркокүл Кадырбаева башкарып жүргөн. Айдоочу айымдын документтери текшерүү максатында алынып, айнектеринин караңгылатылганы боюнча протокол түзүлгөн. Бирок айдоочу толтурулган протоколго кол коюудан баш тартып, "каалаганыңарды кылгыла" деп унаасына отуруп алып кетип калган. Анын айдоочулук күбөлүгү жол-кайгуул кызматкерлеринде калган.