КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кабылдамасына 2012-жылы 1347 жаран кайрылган. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, кайрылуулардын саны жыл санап өсүүдө. Эң көп кайрылуу Бишкек шаарынан болсо, эң аз кайрылуу Баткен облусунда катталды. Акысыз же жеңилдетилген дарылоону камсыз кылып берүү тууралуу 135, ооруканага жаткыруу тууралуу 59, медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча 49, кеңеш алуу боюнча 38, медициналык кызматкерлердин начар кызмат көрсөткөндүгү тууралуу 27, сапатсыз дарылоо боюнча 28, пара алуу боюнча 12, ал эми пара катары акчаны мажбурлап алуу боюнча 8, ооруканалардагы абалдын начардыгы тууралуу 2 кайрылуу түшкөн.