Нарын. Жумгалда аңчылыкка чыккан окуучулардын бири экинчисинин башына атып алды. Оор жаракаттан улам ал каза тапты

Жумгал районунда эки мектеп окуучусу аңчылыкка чыгып, бири кокустук менен экинчисинин башына атып алды. Оор жаракаттан улам ал каза болгонун 25-февралда SUPER.KG порталына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 23-февралда орун алган. Анда Баш-Кууганды айыл аймагынын 9-класста жана 11-класста окуган 2 тургуну аңчылыкка чыккан. Этиятсыздыктан 9-класстын окуучусу 11-класстын окуучусун башка атып алып, оор жаракаттан улам ал каза болуп калган. Учурда териштирүү иштери жүрүп, окуянын кандай болгону иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aykyz
2016-02-25 12:07:38
11-класс эмес, окубайт экен
-3
Alixan-Nookat.2015
2016-02-25 12:13:15
Кырсык каш кабактын ортосунда дейтго жаткан жери жайлуу болсун!!!
+7
Mars55
2016-02-25 12:15:59
Көр мерген экенда.
+6
makemake1979
2016-02-25 12:42:45
Каякта кор мерген. Кырсык да боло берет болуп да келген боло берет айла жок
-1
josholu
2016-02-25 13:51:47
Экиден чыкканда кручогун кулпулап туруш керек. антпесен тал .караганга илешип атылып кетет.
+2
Karalina
2016-02-25 14:00:43
ата-энеси балдарын эмне жалгыз жиберген
+4
tynkatar03
2016-02-25 14:15:45
Тээ баягыда да ушундай кырсык болгонун окудум эле кайсы жакта болгону эсте жок. Боодо кырсыктан Кудайым озу сактасын баарыбызды.
+2
Munar8625
2016-02-25 19:57:23
tynkatar03 дал озу нарында болгон мылтыктын баардын туру халостой болот кручоко ишенип болбойт. Кандай болсода жакындарына сабыр кайгысын тен болушом.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан