Борбор калаада "70 миң сомго бааланган алтын буюмдарын тартып алган" деген шек менен 35 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 64 жаштагы Т.А. кайрылган. Анда ал 24-февраль күнү "Ош базарынын" аймагынан Женя аттуу аял анын ишенимине кирүү менен жалпы суммасы 70 миң сомду түзгөн алтын буюмдарын алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Ж.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп, кармалган аялдын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда.