Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Түркиядагы эл аралык мелдеште жарым финалга өттү

21-мартта Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан теннис боюнча Эл аралык мелдештин жуптар арасындагы оюнунда кыргызстандык Ксения Палкина жарым финалга өттү. Бул тууралуу аталган фестивалдын расмий сайты кабарлады. Маалым болгондой, Палкина Грузиянын теннисчиси Оксана Калашникова менен биргеликте болгариялык атаандаштарын 7:6, 6:2 эсебинде, ал эми АКШнын спортчуларын 6:1, 6:3 эсебинде утушкан. Айтылгандай, бүгүн, 22-мартта Палкина менен Калашникова финалга чыгуу үчүн грузиялык теннисчилер менен беттешмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан