Аламүдүн районунан 1 килограмм 742 грамм баңгизат (гашиш) менен Ысык-Көл облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу 25-февралда Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кылмышка шектелип 27 жаштагы О.А. аттуу жаран 24-февралда колго түшкөн. Анын өздүк буюмдарын текшерүүдө болжол менен баасы 200 миң сомду түзө турган 1 килограмм 742 грамм гашиш табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө.