Суицид боюнча Казакстан Борбордук Азияда алдынкы орунда турат

Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен суициддин саны боюнча Казакстан алдынкы орунда турат. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын докладында жазылат. Эркек кишилердин арасындагы өзүн-өзү өлтүрүүнүн саны боюнча Казакстанда 100 миң кишиге 43 адам туура келет. Андан кийинки орунда Кыргызстан турат, өлкөдө 100 миң кишиге салыштырмалуу алганда 14 адам өз жанын кыят. Ал эми бул көрсөткүч Өзбекстанда 100 миң кишиге 7, Тажикстанда 100 миң кишиге 2 адамды түзөт. 

Аялдардын арасында Казакстанда 100 миң кишиге 9, Тажикстан жана Өзбекстанда 2, Кыргызстанда өз жанына кол салгандар 3 адамды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан