Чакан ГЭСтердин санын көбөйтүү экономиканы көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин 25-февралдагы жыйынында депутат Жыргалбек Калмаматов (сүрөттө) билдирип, өкмөткө сунушун айтты.
Депутат Тажикстандагы 310 чакан ГЭСти мисал келтирип, алар өлкөнү электр энергиясы менен камсыздаарын, ири ГЭСтери өндүргөн энергиясын экспорттоп жатканын маалымдады. “Анын мисалында биз дагы чакан ГЭСтерди курууга бардык шарттарды, документтерди даярдап, инвестор тартуубуз керек”,- дейт депутат.
Жыйында депутат Дастан Бекешев балдар үйлөрү, карылар үйлөрү, коомдук фонддор электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн өнөр жайлар төлөгөн тариф менен төлөшөрүн айтып, бул боюнча өкмөткө 3 жолу кайрылып, түзүк жооп албаганын кошумчалады.