Ысык-Ата районунда "жылкы уурдаган" деген шек менен Жалал-Абад облусунун 2 тургуну кармалды

Ысык-Ата районунда "жылкы уурдаган" деген шек менен Жалал-Абад облусунун 2 тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Алмалуу айылынын С.Э. аттуу 29 жаштагы тургуну кайрылган. Арызда белгисиз адамдар анын сарайынан 1 баш жылкысын уурдап кетишкени айтылган. Бул факт боюнча "мал уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Ж.А. жана А.К. аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалышты. Учурда алар камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан