ЭЛДИК КАБАР: Кадамжайдагы Кыргыз-Кыштак айыл аймагында күн ысыгандыктан, өрүк, бадам гүлдөгөнү калды

Баткен облусуна караштуу Кадамжайдагы Кыргыз-Кыштак айыл аймагында күн ысыгандыктан, өрүк жана бадам гүлдөчүдөй болуп калды. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына бүгүн, 25-февралда кабарлады.

"Күн ысыганынан өрүк, бадам гүлдөп, бак-дарактар жалбырак байлачудай болуп калды. Быйыл дагы былтыркыдай капысынан күн суук болуп, кар жааса, дагы түшүм болбой калабы деп чочулап жатабыз",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Musabaeva
2016-02-25 16:03:19
Эми жаратылышка каршы баралбасак, Алладан тиленип эле олтуралы ушу менен жазга чыгып кетели деп.))суроттор адамдын козун алатко.
+4
Otkurbek
2016-02-25 16:34:42
Менин айылымго эми оруктор гулун токкучо жаан жаап суук болбой турсун деп кудайдан тилеп турабыз.
+3
avaz-t02
2016-02-25 16:48:46
Кудай сактасын элдин ырыскысын!
+3
atakyzy
2016-02-25 17:16:59
Кимдин уйу экен?))))
0
tomas.kg
2016-02-25 17:36:44
Умай-эне жак окшойт, буюрса быйыл өрүк гилас жейли эми))) жакшы ниет кылып, былтыр үшүк алып кетти кар жаап коюп.
0
atakyzy
2016-02-27 13:14:21
tomas.kg иии оа суук болбосун быйыл орук жейм деп келдим айылга))
+1
Shat.88
2016-02-25 20:13:11
Оо ии ушу Баткендеги орук зарды бир коруп келсем деген тилегим качан ишке ашаар экен!!
+1
uragan007
2016-02-25 23:23:12
Барсан эле ишке ашат тууганым
0
seed
2016-02-26 13:58:06
Jalalabadta 1apta murun guldop bashtagan))
biz da kar jaabashyn tilep oturabyz
+1
samira8589
2016-02-26 15:07:52
Быйыл ото эрте жаз келген го Кыргызстанга, кыш кеткени улгурбой калыптыр го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан