Токмок шаарында пенсионерди тоноого шектелип 36 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды

Токмок шаарында пенсионерди тоноого шектелип 36 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 64 жаштагы Е.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 22-январь күнү саат 10:00 чамасында белгисиз адам күч колдонуу менен анын уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Бул факт боюнча "тоноочулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 36 жаштагы С.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mars55
2016-02-25 15:54:31
бүгүнкү күн кылмыштуу болдуго тоноочулук уурулук алдамчылык маңзат ташып дегендей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан