МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткен Адилет Максүтовдун иши боюнча сот 1-мартка дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда SUPER.KG порталына Свердлов райондук сотунун канцеляриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, соттук кароону Свердлов районунун судьясы Рустам Саткымбаев карайт.
Буга чейин маалымдаганыбыздай, МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткен 22 жаштагы Адилет Максүтов 1-февраль күнү 10 суткага СИЗОго камакка алынган. Кийин Свердлов райондук соту анын баш коргоо чарасына байланыштуу маселени карап, аны үй камагына чыгарган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "кылмыш далалаты" жана "укук коргоо органынын кызматкеринин же аскер кызматкеринин өмүрүнө кол салуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Айта кетсек, 28-январь күнү интернетке айдоочу унаасынын капотунда Жол-кайгуул кызматынын кызматкерин сүйрөп жүргөнү тартылган видео тараган. Анда айнектери караңгылатылган унаанын айдоочусу капотундагы МАИ кызматкерине карабай ылдамдыгын бирде жогорулатып, кайра жайдан айдаганы көрсөтүлгөн.