КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги социалдык долбоорлорго сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Негизги темалар: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо борборлорун колдоо, оор абалдагы үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүүчү борборлорун колдоо, балдарды асырап алуу боюнча Ош жана Бишкек шаарларында ресурстук борборлорду ачуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана кары-картаңдарга жардам көрсөтүүчү коомдук уюмдарды колдоо.
Айта кетсек, долбоорлорду ишке ашырууга 1-2 жыл берилет жана бөлүнчү гранттык каражаттын суммасы 120 миң сомдон 1 миллион сомго чейин болот. Сынактын катышуучулары коммерциялык эмес мекемелер жана жарыяланган сынактык программанын алкагында 1 жылдан кем эмес иштегендер болушу шарт. Долбоорлор 20-марттан 30-апрелге чейин министрликтин имаратында, тактап айтканда, Бишкек шаарындагы Тыныстанов көчөсү-215 дарегинде кабыл алынат.