Кыргызстан самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда 9-орунду ээледи
Уруш түрүндөгү самбо боюнча Кыргызстан командалык эсепте Минск шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 8 упай менен 9-орунду ээлегени мелдештин расмий сайтынан маалым болду. Коло медалдарга татыган Курманбек Адил уулу (82 килограммга чейин) менен Канатбек Абдуллаев (90 килограммга чейин) 3 упайдан алып келишкен. Ошондой эле 1 упайдан 5-орунга илинишкен Кылычбек Саркарбаев (100 килограммга чейин) менен Максат Мусабаев (+100) кошо алышкан. Кошумчалай кетсек, аталган мелдешке өлкөбүздөн 8 спортчу катышып келди.