Бишкекте жол кырсыгына кабылган эки айдоочу уруша кетип, бири экинчисин бычактап, окуя болгон жерден изин жашырып кетти

Бүгүн Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, айдоочулардын ортосунда уруш чыккан. Андан кийин айдоочулардын бири экинчисин бычактап, изин суутуп кеткен. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатканын SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди.

"Саат 15:30 чамасында 102 кызматына "Киев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, айдоочулардын бири унаанын айнегин талкалап, унаа ээсин бычактап салды" деген маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери аталган дарекке барганда бычактаган айдоочу качып кеткенин аныкташкан. Ал эми жаракат алган айдоочу "Тез жардам" кызматы менен №4-шаардык ооруканага жеткирилген", - деди Казабаев.

Белгилүү болгондой, учурда бычактан жаракат алган айдоочуга операция жасалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kg_boy__91
2016-02-25 18:55:56
Адамдар кайда баратат
+4
Arlenchik
2016-02-25 20:10:38
Адамдар айбан эле болуп баратат го эмне кылып атканын билбей адамдын омуруно кол салып.
+4
gulkar
2016-02-25 20:31:18
Жандарынан да, машина артык болуп калган го.
+5
Venera.2787
2016-02-25 21:42:47
Алар атайын бычак сайышыптыр айдоочуга, артынан Кууп келип светофорго токтогонунан пайдаланып.
+2
mirlan15
2016-02-25 22:09:39
Чектен чыгып керсейгендер ушундай болот да , мен колдойм бир чети!
-7
Ayida
2016-02-25 23:44:52
Бул жерде бир иш бар.Пландалганда олтурууну машина мн тийиштик кылып атайын.Болбосо не машинада бычак даяр бекен же олтуруу оной бекен?
+1
Kuba-savai87
2016-02-26 02:47:24
Сен куноолусун десе, бириси сен куноолусун деп талашышканда анан бир писик жинди жаны ачышканынан мына сага деп сайды да толобойм десе керек да куноолусу
0
marjan
2016-02-26 18:31:44
Ушунун баары закондун жоктугунан. Жоопкерчиликтин жоктугунан. Билим ан сезимдин томондугунон. Тарбиянын жоктугунан. Акчана сатып ала турганына козу жеткен бир манкурттар жасап атат. Канчалаган адамдардын омуру кыйылып атат . кудайым ыйман берсин элдерге. Соз жок. Ушунчалык кан ичерлер кобойуп эмне болуп баратабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан