* Мындан 9 жыл мурун, 2007-жылы КРнын Транспорт жана коммуникация министрлиги Эл аралык “Манас” аэропортунун алдында жеке президентти тейлөөчү “Эйр Манас” авиакомпаниясы түзүлгөнүн маалымдаган. Авиамекеменин жетекчилигине Эрик Акматов дайындалган.
* Мындан 92 жыл мурун, 1924-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Адольф Гитлер мамлекеттик бийликти басып алууга болгон ийгиликсиз аракети үчүн айыпталып, 5 жылга камалып, 200 алтын маркасын төлөгөн. Гитлер жазасын Ландсберг түрмөсүндө өтөгөн, бирок 9 айдан кийин эркиндикке чыккан.
* Мындан 62 жыл мурун, 1954-жылы түркиялык саясий жана мамлекеттик ишмер, "Адилет жана өнүгүү" партиясынын төрагасы Режеп Тайип Эрдоган Стамбулда туулган. 1965-жылы Касымпаша Пиале башталгыч мектебин, 1973-жылы Стамбул Имам Хатип лицейин бүтүргөн. Мармара университетинин Экономика жана соода илимдер факультетинде окуп, бул окуу жайын 1982-жылы бүтүргөн.
2014-жылдын 10-августунда Түркияда президенттик шайлоо өтүп, Режеп Тайип Эрдоган жеңишке жетишкен. 2014-жылдын 28-августунда премьер-министрлик орунду бошотуп, ошол эле күнү өлкөнүн президенти катары расмий ишин баштаган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы Египеттин Луксор шаарында жерден 300 метр бийиктикте бараткан аба шары жарылып, кырсыктан 19 адам көз жумган. Аба шарында 20 турист жана 1 башкаруучу болгон. Алардын арасында 9 кытай жараны, франциялык 2, британиялык 2, япониялык 4 жаран болгон.
26-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.