Аксыда эшек терисин сатуу менен алектенген адамдар кармалышты

Акыркы айда талаада же короосунда турган жеринен эшектерди уурдатып милицияга кайрылган жарандар көп катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, февраль айында Аксы районунун аймагында уурдалган эшектер боюнча тургундардан 11 арыз-даттануулар катталып, 11 кылмыш иши козголуп, тергөө иштери учурунда 25 эшек уурдалганы, келтирилген зыяндын көлөмү жалпысынан 110 миң сомго барабар экени аныкталган. "Алсак, 12-февраль күнү Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 айылында 5 баш эшек уурдалган. 13-февралда Ак-Жол айылында тургундардын 5 баш эшегин мал сарайында турган жеринен уурдап кетишкен. 16-февралда Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу талаадан 4 эшекти уурдап кетишкен. 18-февралда Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Кум айылынын тургунунун үйүнөн 3 баш эшегин уурдап кетишкен. 20-февралда Жаңы-Жол, Кара-Жыгач айылынан жалпы 6 эшек уурдалган",- деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы уурдалган эшектер боюнча жалпы 9 адам шектелип (20-25 жаштардагы), учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Алар эшектерди союшуп, терисин 1500-1700 сомдон Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн Чарбак айылынын тургунуна сатышкан. Суракта ал Шамалды-Сай шаарчасынын тургунуна 2000 сомдон өткөрүп жүргөнүн айткан. Андан сырткары Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 айылынын тургуну, 1992-жылы туулган Ж.Б. терилерди айылдан жыйнап алып Бишкек шаарына алып барып өткөрүп жүргөнүн суракта билдирген.

"Жогорудагы шектелген 3 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 2 адам сот тарабынан үй камагына алынган",- деп маалымдады басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
temirov76
2016-02-26 08:45:21
Дагы башталдыбы,эшектердин да убалына кала турган эле болуп калдык окшойт.
+3
ss90
2016-02-26 09:10:12
Ыссык Колдон жазып жатам...Бизде дагы белгисиз бироолор 4 эшекти союп кетишиптир...
+1
Sobr777
2016-02-26 09:29:34
ss90,аны милицияга айтсан
+2
Asyl.jazi
2016-02-26 09:32:07
Эмне үчүн биздин дагы айылда эшектер көрүнбөй калды десем, уурдагандар көп экен да. Мурда көчөдө эшектер ызгып эле жүрө берчү. Анын терисинен эмне жасашат болду экен?
+4
AlbertEnshtein
2016-02-26 14:16:40
Asyl.jazi, шуба
0
Urmat_83
2016-02-26 09:43:36
Эшекти кызыл китепке киргизиш керек болуп калды окшойт.Тукум курут болуп кете элегинде
+5
ere
2016-02-26 09:53:36
эшектер канча жылда тугоноор экен ошол жаныбарлар тугонгондо ушул тема жабылатко
+1
nur0077
2016-02-26 10:15:45
Эшек терисин ийлеп,обработкадан откондон кийин аялдардын сонун шубасы даяр болот экен, Ал шубаларды Сибирьде кийсе болбойт экен,себеби жылуулугу жок,биздин Кыргыз жеринде кийгенге ото ылайыктуу экен.коркомдугу коз уялтат.Ошол учун биздин аялдар шуба дегенде оздорун жоготуп коюшат.Сулуулардын тушуно эмне кирет?Жообун озунор бергиле.
+2
tuigan.
2016-02-26 11:40:57
nur0077,))))
+1
kama_future_millioner
2016-02-26 10:19:00
Ушул эшек темасы бутпой койдуго. Же кыргыз эшекти туготот, же эшек Кыргызды туготот бул журуштоо
-3
elgiz0890
2016-02-26 11:38:07
Эшек уурулар тамырлашып кеткен экенда
+2
Odik11
2016-02-26 12:05:28
Мискенбаевке айтыш керек
+2
akubeku
2016-02-26 13:12:20
неге азайып кеттидесе сойулуп жатат экееда себеби биздин айылда да азайып кетти
шалы жайган таарларды тиштеп айрып туну менен уйку жок кылат эле
0
Mahabbat
2016-02-26 16:26:33
Тээрисин эмне кылышат, шуба, бут кийимдерди тигишеби?
0
jibek.shami
2016-02-26 17:04:03
эээ элдер эми эшектер пикетке чыга турган болду гоо эшектерге тийбей эле койгулачыы жашашсын алар да
0
take.kg86
2016-02-26 20:23:38
Эшек эти менен папулярдуу болду эле эч ким самсы ,манты ж.б эттен жасалган тамактарды жебей койуп. Эми тээриси менен чыкты эми аялдар шуба кийбейм деп калат окшойт
+1
Aitpaaim
2016-02-27 11:24:51
турмодо кайсы статья менен келдин десе эшшек менен дейтко
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан