Автоунааларды каттоо арзандады: Мурда 11 миң төлөнчү унааларды азыр 3,5 миң сомго каттоого болот

Кыргыз Республикасында автоунааларды каттоо, кайра каттоодо алынчу 5 жана 1 пайыздык төлөмдөр боюнча 2016-жылдын 22-февралынан тарта тарифтер арзандады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары Усеин Касмалиев 25-февралда “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди.

Анын билдиришинче, көбүнчө 2005-жылы жана андан ылдыйкы жылдары чыгарылган унаалар каттоо, кайра каттоодон өтүүдө белгиленген тарифтик бааларды эки-үч эсеге чейин арзаныраак төлөй башташат. “Буга унаа базарларындагы жүргүзүлгөн аналитикалык изилдөөлөр, унаалардын наркынын түшүшү, кардарлардын унааларды каттатууга караганда ишеним кат менен жүрүүгө көбүрөөк ыктай баштагандыгы себеп болду. Мисалы, буга чейин чыккан жылы 2005-жылдан төмөнкү, кыймылдаткыч күчү 1,5-2 кубдук унаалар сырттан өлкө ичине киргендеги каттоодо 11 миң сом төлөп келсе, эми 3,5 миң сом гана төлөп катталат”,- дейт Касмалиев.

Тарифтик торчодо унаалардын кайсы мамлекетте өндүрүлгөнү так көрсөтүлөт. Ошондуктан КМШ аймагынан жана Европадан келген унаалардын каттоо ишинде ар биринин бири-биринен айырмаланган тарифтик баасы аныкталганы айтылды.

"Автоунаалардын номерлери да жаңы үлгүдө даярдалып, сунушталат. Анда ар бир региондун өзгөчөлүгү кайсы бир тамгалар менен белгиленбестен, сандар менен аныкталат. Мисалы, Бишкек шаары 01, Ошто 02 деген сандык элементтер колдонулат. Ушундай эле тартип менен башка региондордун унааларына тагылуучу номердик белгилердин да бири-бирине окшобогон жактары болот. Ал эми "KG" номери бардык транспорт каражаттарына басылат",- деди департамент өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан