Бишкекте дагы бир куруучу көп кабаттуу үйдөн кулап түштү. Жаракаттардан улам ал ошол жерден каза тапты

25-февралда Бишкектеги Токтогул жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан куруучу кулап түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, "Тез жардам" кызматы куруучуга биринчи жардам көрсөткөн, бирок ал жаракаттардан улам ошол жерден каза тапкан. Бул факт боюнча Ленин райондук милиция бөлүмү тергөө иштерин жүргүзүүдө. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Эскерте кетсек, буга чейин 19-февралда Бишкектеги Бөкөнбаев жана К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан имараттын 4-кабатынан куруучу кулап түшкөн. Ал иштеп жатып кокусунан жерге кулап кеткени айтылган. Жабырлануучу 4-шаардык клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, ага медициналык тез жардам көрсөтүлгөн. Анын ээги, чекесинин сөөгү, эки бутунун согончок сөөктөрү сынганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Aisuluu160790
2016-02-26 09:24:31
Жаман иш болуптур.
+3
kobra86
2016-02-26 09:42:53
Иий байкуш, жакындарына Аллахым сабыр берсин!
+8
berekem15
2016-02-26 09:59:09
Кудайым билип билбей кылган куноолорун кечирсин окунучтуу
+5
kirgizstan
2016-02-26 10:32:55
Байкуш сууктун кунундо ушинтип тиричилик кылгандардын тагдыры... Эх
Жаткан жери жайлуу болсун. Ким болду экен.
+7
Asanovna1805
2016-02-26 11:46:50
Жаман болуптур. Жаткан жери жайлуу болсун
+3
Inna_91
2016-02-26 14:32:19
Жаткан жери жайлуу болсун
+2
Futuro
2016-02-26 16:41:08
Куруучулар каска киет дечү эле, белине страховка байлап. Бизде тобокелге салмай.
+1
take.kg86
2016-02-26 20:15:44
Жаткан жери жайлуу болсун Амиин
+2
tursunai98
2016-02-26 23:02:10
жайы жаннаттан болсун
+2
Kuba-savai87
2016-02-26 23:44:37
Аты жону канча жашта кайсыл жердин кулуну толук маалымат билсек болобу
+1
bond0202
2016-02-27 09:03:00
кырсык айтып келбейт деген чын да
+2
jetigen90
2016-02-27 10:47:06
Байкуш Токтогулдан болот менин айылымдан. 84- жылкы уйлоно элек болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан