Бишкек шаарында жол кырсыгынан кийин айдоочуну бычактап кеткен экинчи айдоочуну издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди.
"Кечээтен бери аталган айдоочуну издөө иштери кызуу жүрүүдө. Азырынча издөө өз натыйжасын бере элек", - деди Казабаев.
Айта кетсек, кечээ саат 15:30 чамасында Киев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, айдоочулардын бири унаанын айнегин талкалап, унаа ээсин бычактап, изин суутуп кеткен. Бычактан жаракат алган айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган.