Өткөн суткада өлкө аймагында 28 өрт кырсыгы катталып, Ысык-Ата районунда 12 тонна чөп күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 28 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 32 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 1, Чүй облусунда 12, Ош облусунда 9, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Ысык-Ата районуна караштуу Киров айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда 12 тонна чөп, 270 чарчы метр бастырманын жыгач капталы, 1 гектар куураган чөп, камыш күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан