Бишкекте пара алып жатканда кармалып, каза болгон И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын аппарат жетекчисинин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Бул факт боюнча Октябрь райондук прокуратурасы жана аталган райондун Ички иштер башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Айта кетсек, кечээ, 25-февралда Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын аппарат жетекчиси Г.А. окуу жайдын аймагына павильон коюуга уруксат берүү үчүн 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Кармалган учурда шектүүнүн абалы начарлап, өзүн жоготкон. "Тез жардам" кызматы чакырылып, көрсөтүлгөн чукул жардамга карабай ал каза болуп калган.