Өзбек чек арасынан 4 килограммга жакын маңзат менен кыргыз жараны кармалды

Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан "Укчи-Кабристон" чек ара пунктунан 3 килограмм 800 грамм маңзатын Өзбекстандын аймагына өткөрүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.

Анда айтылгандай, Кара-Суу районунун 32 жаштагы Э.У. аттуу тургуну маңзатты өзүнүн А.А. аттуу 45 жаштагы таанышына алып бара жатканын айткан. Ал маңзатты чек арадан өткөндөн кийин сүйлөшүлгөн жерден алып кете турганын белгилеген. Маалым болгондой, күч органдары маңзатты алып кете турган адамды да кармашып, кылмыш иши козгоду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Маалыматты тактоо үчүн Ош ОИИББи жана Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматына кайрылганыбызда аларга мындай маалымат түшпөгөнүн билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bazar
2016-02-26 14:53:10
Энеңин "тойун" тааныйсын эми...
0
Svoboda83
2016-02-26 15:52:11
Бул ишти кылгандар баары ХХХ ХХХ Кыргызстанда жашаган ХХХ Кыргыздарды дуйного жаман корсотушту Сирияга да ушулар кеткен Булар кандай адамдар тушунуп болбойт
0
admin_portal
2016-02-26 16:42:19
Svoboda83 - 5 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан