21-мартта саат 12:30да Бишкектеги Некрасов көчөсүндө 73 жаштагы пенсионер поезддин алдына боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, каза болгон жаран кат жазып калтырган, анда бул окуяга өзү күнөөлүү экени айтылат. Жакын туугандарынын айтымында, 2010-жылы анын уулу каза болуп, ошол күндөн бери өзүнө келе албай жүргөн. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда.